Бишкекте иликтөөчү журналисттердин форуму өтүп жатат

Иликтөөчү журналисттердин форуму. Бишкек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумда Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, журналисттердин жеке, санарип жана укуктук коопсуздугунун көйгөлөрү, иликтөөнүн келечеги туурасында талкуулар жүрөт. Иш-чарага иликтөөчү журналисттер, медиа-эксперттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кремл Путин менен Байден телефондон сүйлөшөрүн билдирдиЖапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөрүн айттыКоронавирустан төрт киши каза болуп, 81 адамдан жаңы аныкталдыКремл сүйлөшүүдө Макрон менен Путин эмнеге алыс отурганын түшүндүрдү