Ички иштер министрлиги абакта жаткан телефон шылуундардын кылтагына жөнөкөй жарандардан тартып, мамлекеттик кызматкерлер дагы илинерин кабарлайт.
Милиция камакта отуруп мамлекеттик кызматкерди алдап, 15 миң сом жана курал-жаракты огу менен алдыргандар аныкталганын билдирди. Мамлекеттик кызматкер акча менен куралды такси аркылуу салып жиберген. Шылуундар жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдардын өкүлү катары ага кызматын жогорулатууну убада кылган.
Ички иштер министрлиги телефон шылуундар негизинен жогорку кызматтагы адамдардын жардамчысы, ыйгарым укуктуу өкүлү катары телефон чалышаарын белгилейт. Милиция алдамчылардын кылтагына илинип калбоо үчүн сак болууга чакырат.
10-февралда ИИМдин кызматкерлери жаза аткаруу мекемелеринин биринде тинтүү жүргүзүшүп, төрт уюлдук телефон табышкан. (TSh)
Дагы караңыз
Балыкчыда аскерлер машыгуу өткөрүп жатат УКМК: кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар убактылуу токтотулдуФарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү узартылдыАкыйкатчы: Бишкектеги тергөө абагында аял төрт айлык ымыркайы менен жатат