Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” тоо окуу борборунда Коргоо министрлигинин кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Министрлик окуу-машыгуунун максаты аскерлердин дене тарбиялык даярдыгын жана эрктүүлүгүн жогорулатуу, тоо шартында тоскоолдуктарды жеңүүдөгү жөндөмдү бекемдөө экенин билдирди. Учурда жоокерлер тоодогу муз жана карда жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу машыгууларды окуп жатышат.
Машыгуунун жүрүшүндө ар кандай баскычтагы кыйынчылыктары бар чокуларга чыгышат. Окуу-машыгуу 25-февралга чейин улантылат. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК: кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар убактылуу токтотулдуФарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү узартылдыАкыйкатчы: Бишкектеги тергөө абагында аял төрт айлык ымыркайы менен жататМинистр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айтты