Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү узартылды

Фарид Ниязов.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Бүгүн Октябрь окуяларын боюнча соттук отурумду териштирүүнүн мөөнөтү эки айга узартылды. Негизи соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин баштала элек. Фарид Ниязовду бөгөт чарасы дагы эки айга узартылды. Тактап айтканда, 18-апрелге чейин узартылды”, - деди Жоошев.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Кийин ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Фарид Ниязов “Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде дагы шектүү катары өтүп жатат.

Фарид Ниязов өзүнө карата кылмыш ишти “саясий басым” деп баалап келет. 2021-жылы 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Бишкектеги тергөө абагында аял төрт айлык ымыркайы менен жататМинистр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айтты"Азаттык" "Эрктүү элдин эгемендиги" аттуу китеп чыгардыСултанбаев Акылбек Жапаров башкарган өкмөт узак мөөнөт иштей турганын билдирди