УКМК: кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар убактылуу токтотулду

Баткен облусу.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 11-февралда кыргыз-тажик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтотулганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары Тажикстандын жарандары чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташты. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды”, - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Чек ара кызматы Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашканын кабарлады. Чогулгандар тарашты. Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп билдирди.

Азырынча Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу маалымат бере элек.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай жүрөт. (TSh)

Дагы караңыз

Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айттыКумтөр иши: Тайырбек Сарпашевге 260 миң сом айып салындыСултанбаев Акылбек Жапаров башкарган өкмөт узак мөөнөт иштей турганын билдирдиЭкс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды