УКМК: Ошто санэпидкөзөмөлдүн директору кармалды

Кармалган шектүү.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору (“О.С.М.”) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Украинанын омбудсмени крым татарларын кармоону айыптадыМадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты Өкмөт электр станция кургандарга жеңилдик берүүнү көздөп жатат