Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте энергетика маселеси талкууланган жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, 2022-жылы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталарын билдирди.
“Суу энергетикалык ири долбоорго коңшулардын кызыгуусу күч. Кандай болгон күндө дагы быйыл баштайбыз. Курулуштун биринчи баскычы инфратүзүм жана аянтчалар. Анын алдында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке беребиз. Евразия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычы бүтүп жатат. Жакында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү башталат деп үмүт кылып жатам”, - деди Жапаров.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.
2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата 1 боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1" ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.
2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген. Буга чейин анын экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылай турганы кабарланган. (TSh)
Дагы караңыз
Жапаров Нарындагы ГЭС боюнча Орусия менен бир пикирге келишкенин айттыДепутат өкмөттү Кумтөр кенине байланыштуу сындадыУКМКнын алдында Ураимовдун бошотулушун талап кылган акция өтүүдөДепутат Кожокулова активисттерди кылмышкердей кармоо тажрыйбасын токтотууга чакырды