COVID-19: төрт адам каза болуп, вирус 107 кишиден аныкталды

Коронавирусту аныктаган мобилдик топ. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада (10-февралга карата) коронавирустан дагы төрт бейтап каза болуп, 107 адамдан жаңы аныкталды. Жаңы учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 44 киши.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 821 миңге жетип, 191 958 киши сакайып чыкты. Пандемия башталгандан бери 2917 бейтап каза болгон.

Учурда 653 бейтап ооруканаларда, 2738 адам үйүндө дарыланууда. Бир сутка ичинде коронавирус дагы төрт медициналык кызматкерге жукту.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.

Дагы караңыз

Жаңы-Өзөндө дагы бир компаниянын жумушчулары иш таштадыБээжин 2022: орусиялык спортчунун кызытма тести күмөн жаратты Опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев директор болуп дайындалдыЖК айнек караңгылатууга уруксат берүү долбоорун биринчи окууда колдоду