Канадада айдоочулар пандемиялык чектөөлөргө нааразы

Канададагы айдоочулардын акциясы. 8-февраль, 2022-жыл.

Канадада жүк ташуучу машинелердин айдоочулары 8-февралда Кошмо Штаттар менен чек ара өтмөктү бууп салышты. Бир нече күндөн бери алар чек арадан өтүү үчүн COVID-19 илдетине каршы эмделген деген документтин талап кылынышына, башка бир катар чектөөлөргө каршы чыгышууда.

Айдоочулар дүйшөмбү күнү Детройт, Мичиган жана Виндзорго кетүүчү, машине көп каттаган көпүрөнү тосмолоп салышкан. Оор машинелердин айдоочулары башкалаа Оттавада да нааразылык акциясын өткөрүп келатышат. Алар шаар борборуна автоунааларын топтоп, жол кыймылы кыйла татаалдашкан. Акцияга чыккандардын айрымдары медициналык маска тагынып жүргөн кишилерге нааразылыгын айтып жатышты.

Парламент депутаттарынын бири "коронавируска байланышкан чектөөлөр эмне үчүн алынбай жатат" деп сураганда, премьер-министр Жастин Трюдо өкмөт “илимий маалыматтарга таяна берерин” кайталады.

Ал тапта Бээжин Олимпиадасына катышып жаткан 30 атлет коронавируска тапшырган анализдери таза эмес чыккандан кийин обочого алынды. Маалыматтарга караганда, көбүнө дарыгерлердин жардамынын зарылчылыгы жок.

Дагы караңыз

Француз жана украин президенттери Минск келишимдерин талкууладыЗулушев: Kaktus.media сайтындагы маалымат боюнча экспертиза дайындалдыЗулушев: Мадумаров кол койгон протоколго юридикалык баа берилет"Кактус медианын" алдында акция өтүүдө