Ошто студент кыздын сөөгү табылды

Кылмыш болгон үй.

Ош шаарында 8-февралда 22 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Шаардык милиция кылмышка шектүү катары Ош мамлекеттик университетининин медицина факультетинин 4-курсунун 24 жаштагы студенти кармалганын билдирди.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" окуя ушул жылдын 30-январь күнү болгонун кабарлады. Милицияга кыздын атасы арыз менен кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айткан. Маалыматтарга караганда, маркум менен шектүү медицина факультетинде чогуу окуп, кыз-жигит мамиледе болушкан.

"Кылмышка шектүү маркум кызды Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы таекесинин үйүнө алып барып, ал жерде сөз талашып уруша кеткенин, андан соң бычактап салганын айтып берди. Сөөктү жашырып, короонун ичине көмүп салып, өзү Орусияга качып кеткен. Кайра аны Кыргызстанга чакыруу иштерин милиция жүргүздү", - деди Сыдыков.

8-февралда кылмышка шектүү кармалып көрсөтмө берип, кылмыш болгон үйдүн короосуна көмүлгөн кыздын сөөгү табылды. Ага тогуз ирет бычак сайылганы аныкталды. Соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү жаранга Жазык кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. (ArN)

Дагы караңыз

Француз жана украин президенттери Минск келишимдерин талкууладыЗулушев: Kaktus.media сайтындагы маалымат боюнча экспертиза дайындалдыЗулушев: Мадумаров кол койгон протоколго юридикалык баа берилет"Кактус медианын" алдында акция өтүүдө