Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында Адахан Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу иш боюнча маалымат берди.
Анын сөзүнө караганда, Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Тажикстандын өкүлдөрү менен эки жолу жолугушуу өткөргөн. Андан кийин мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун жана ошол кездеги транспорт министринин тапшырмасы менен да тажик тарап менен жолуккан.
“Бул протоколдордун баарына тең юридикалык баа берип атабыз. Тергөөгө адам бара электе эле ким суракка барат, кандай суралып атат маалыматтар чыгып кетүүдө. Бүгүн бардыгы суралып, юридикалык баа берүү алдында турат. Себеби, ал жерде мамлекеттин кызыкчылыгы турат”, - деди Зулушев.
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу прокуратурада онго жакын жолу сурак берип чыккан.
Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.
Бул иш боюнча мурдагы премьер-министр, экс-депутат Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов да Башкы прокуратурада сурак берип чыккан. (BTo)
Дагы караңыз
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд. кубга түштү Башкы прокурор: Былтыр балдарга карата 1827 зомбулук иши катталдыПарламентте Байсаловго чара көрүү демилгеси кайра көтөрүлдүМирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү УКМК Ураимов бийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кармалганын билдирдиCOVID-19: төрт адам каза болуп, вирус 97 кишиден аныкталды