Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд. кубга түштү

Токтогул ГЭСи.

9-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 768 млн. куб метрге түштү. Бул тууралуу маалымат "Электр станциялары" мекмесинин расмий сайтына жарыяланды.

Бир суткада суу сактагычка секундуна 145 куб метр суу агып кирип, 562 куб метр секундуна короп жатат.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду.

Буга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында свет өчүрүлбөй турганын билдирип келет. (BCh)

Дагы караңыз

Парламентте Байсаловго чара көрүү демилгеси кайра көтөрүлдүӨкмөт азык-түлүк импортуна көз карандылыкты моюнга алдыМирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)