Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызмат 9-февралда тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде 8-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мекеме жарандарды өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, Конституцияга каршы чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырды.
Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары 8-февралда анын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат.
Мирлан Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (BTo)
Дагы караңыз
Орусиянын согуштук кемелери Кара деңизге бет алды Макрон: Украинанын айланасындагы кырдаал курчубайтКыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов башкаратАсановдун сотунда мурдагы министрди мажбурлап алып келүү сунушталды Казак прокуратурасы: январдагы митингдерди айрым күчтөр пайдаланганДепутат "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун текшерүүнү сунуштады