Бишкек шаарында 8-февралда жаңы “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. "Түндүк" райондук электр тармагынын курулушу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлдү.
Ал Дэн Сяопин, Фучик, Жибек-Жолу проспектиси, Профсоюзный көчөлөрү чектешкен жерди жана Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Жаңы райондук электр тармагынын тейлөөсүндө жалпы 50 миңден ашык абонент бар.
Президент жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, 1-апрелден тарта мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин жана энергетиктердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты. (BTo)
Дагы караңыз
Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов башкаратАсановдун сотунда мурдагы министрди мажбурлап алып келүү сунушталды Кыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда Кыргызстан Өзбекстандан электр жарыгын алып бүттү