Клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме документ иштери даяр болгонго чейин директордун милдетин аткаруучу болуп буга чейин Гулия Кожокматова дайындалганын билдирди. Бирок Травматология жана ортопедия илимий борборунун аты өзгөртүлүп, Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлган.
4-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Ошондой эле борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген.
Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келатат. 5-февралда буга каршы бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Асановдун сотунда мурдагы министрди мажбурлап алып келүү сунушталды Казак прокуратурасы: январдагы митингдерди айрым күчтөр пайдаланганПрезидент эки базарды кыдырып, ККМ аппараттары тууралуу маалымат берди