Орусияда мигранттарга укуктук жардам берген ишеним телефону ишке кирди

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги оор кырдаалга туш болгон аялдар жана балдарга укуктук жардам көрсөтүү максатында ишеним телефондору иштей баштаганын билдирди.

Маалыматка караганда, +7 (996) 665-76-88 (WhatsApp дагы) номурундагы ишеним телефону күнү-түнү иштейт.

Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда иштейт.

Расмий маалыматтарда ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашары айтылган. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун текшерүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Ош базарына бардыТокон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдө