Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп, ордуна административдик имарат салууга кайсы орган уруксат бергенине кызыкты.
Жыйынга катышып жаткан Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Токтомамбет Сатышов “Министрлер кабинетинин программасында камтылган” деп жооп берди.
Депутат Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун сындап, текшерүү жүргүзүүнү сунуштады.
“Мен түшүнбөй жатам, сиз айткандай мамлекеттик программа эмес, премьер-министрдин программасы. Бул бир-эки адамдын эле каалоосу. Бул кылмыш. Мен майманкана боюнча комитетте карайлы деп киргизгем. Ушул суроо боюнча архитектура кызматына тез аранын ичинде анализ кылууга тапшырма бериш керек деп сунуш киргизем”, - деди Масалиев.
Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип авариялык абалга келгенин билдирген. Аны бузуп ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын кабарлаган.
Өткөн жылдын 24-декабрында Бишкектин түштүк бөлүгүндө мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталган.
2019-жылы мейманкананын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Аны оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган. Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. (TSh)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров Ош базарына бардыАкылбек Жапаров парламенттеги жетекчилер менен ай сайын жолукмай болду Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдөРавшан Жээнбеков карындашы суракка чакырылганын кабарладыДепутат Атамбаев УКМК мыйзамын сынга алды