Телефон аткезчилиги: казынага 5 млрд. сом түшпөй калды

Иллюстрация сүрөт.

Телефон аткезчилигинен улам Кыргызстандын бюджетине жылына 5 млрд. сомдой каражат түшпөй жатканын адистер айтып чыгышты.

Мобилдик каражаттарды идентификациялоо же IMEI-коддорду каттоо системасын киргизген мыйзам кабыл алынганы менен анын механизмдерин иштеп чыгуу кечеңдеп жатат. Телефонду аткезчилик менен ташууга бөгөт койгон мыйзам ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген, ага президент былтыр октябрда кол койгон. Ал арада "жеке маалымат ачыкталып кетет" деп кооптонгондор да жок эмес.

Мыйзамдын механизмдери, жол-жобосу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кароосунда турат. Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфрастүзүмдү жакшыртуу бирлигинин аткаруучу директору Айбек Баканов мыйзамды ишке ашыруунун кечеңдеши менен Кыргызстандын бюджетине 5 млрд. сомдой каражат түшпөй жатканын айтып чыкты.

"Кыргызстанга кирген телефондордун 90% мыйзамсыз ташылып келинген. Мамлекеттик бажы төлөмдөр, кошумча нарк салыгы төлөнгөн эмес. Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргызстанга 1 млн. 800 миң телефон кирген. Ал эми Байланыш агенттиги 3 млн. 900 миң деп берген. Ортодогу айырма 2 млн. болуп жатат. Башка төлөмдөрдү кошпогондо бул 1 млрд. сом бюджетке түшпөй жатат дегенди билдирет. Бул сумма 5 млрд. сомго чейин жетиши мүмкүн. Албетте мыйзамсыз ташылып келген телефондордун көбү арзаныраак. Мындан улам расмий өкүлдөрдүн биздин базарга чыгуусу пайдасыз. Ошондуктан бизде расмий тейлөө борборлору жок. Өкүлдөр жок болсо, биз жаңы нерселерди эртерээк алуу мүмкүнчүлүгүнөн, ошондой эле телефонду пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калабыз", - деди Баканов.​

Дагы караңыз Өкмөт чөнтөк телефондон пайда көргүсү келет

Мыйзам боюнча интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт. Баканов IMEI-код системасын киргизүү менен Кыргызстанда Apple, Samsung жана Xiaomi сыяктуу компаниялардын расмий өкүлчүлүктөрү ачылмак деген ишенимде. Ошондой эле телефондорду уурдоо, шантаж, адам уурдоо, телефон терроризми сяктуу көрүнүштөр жоголот деп эсептейт.

Мобилдик каражаттарды идентификациялоо же IMEI-коддорду каттоо системасы кошуна өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан киргизген. Өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында бар.

Учурда ар бир мобилдик каражаттарды каттоо 500-700 сом болору болжолдонууда. Муну сырттан ташып келген ишкерлер төлөшөт.

Бул мыйзам туурасында телефон ташып иштеген компаниялар бир пикирде эмес. Ишкер Руслан муну менен аткезчилик жоюлат дегенге ишенбей турат.

"Албетте, мен аппараттардын каттоого алынышын колдойм. Мында уурдалган телефондорду аныктаганга шарт түзүлөт. Бул бизде чоң маселе болчу. Бирок бардык телефонду кантип каттайт, бул жерде кайра эле коррупция болуп кетиши мүмкүн. Каттоо үчүн дагы акча алышат. Кандай максатта каттап жатышканы деле түшүнүксүз. Эгер аткезчиликти жоёбуз десе ошол эле Бажы кызматынан баштабайбы, телефондор кайра эле ошол жактан өтөт. Эл деле келесоо эмес да, баарын көрүп турат".

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мыйзамдын аткарылышы боюнча "Азаттыктын" суроосуна жооп берген жок. Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси (Азыр Санариптик өнүктүрүү министрлиги -ред.) Дастан Догоев жеке маалымат ачыкталып кетерине коркунуч жок экенин айткан. Ошондой эле мындай чара экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө да жардам берерин кошумчалаган.

“Жеке маалыматка тиешеси болбойт. Анткени ал телефон менен жаран колдоно элек болот”.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 30-сентябрда кабыл алып, президент октябрда кол койгон. Мыйзамда мобилдик каражаттарды идентификациялоону мамлекеттик эмес жеке компаниялар ишке ашыра турганы белгиленген.

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен мобилдик телефондор ташылып келген учурлар көп эле кездешет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) буга чейин билдиргенине караганда, бажы төлөмдөрүн азыраак төлөш үчүн башка аталыштагы товардын атынан киргизген учурлар катталган.

Кыргызстанга Кытайдан келген чөнтөк телефондор документте "термос" деп белгиленген.

Дагы караңыз Бажы: "Термоско" айланган телефондор

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аткезчиликти бетке кармап ортомчу схемалар түзүлүп калбайбы деп кооптонууда.

"Аткезчилик болуп жатат деп шылтоо кылып жатышат. Бул ишти жеке менчик компаниялар кылат экен, акчаны да ошолор алат, ортомчу схемаларды түзүп жатышат. Контрабанда болсо эмнеге бул ишти мамлекеттик эмес жеке менчик компаниялар кылат? Андай болсо эмнеге Бажыга чара көрүшпөйт, бирөө жоопкерчиликке тартылыш керек да ушунча аткезчилик болуп атса. IMEI-коддорду азыр киргизсе дагы ал кандай иштейт, бирөө уурдаса аны табабы, жокпу. Менимче бул акча табуу үчүн эле жасалып жаткандай", - деди ал.

Ал эми жөнөкөй тургундар чөнтөк телефонун каттатуу тууралуу демилгени ар кандай кабыл алып жатышат. Телефонун уурдап кетүүдөн сактоону колдогондор да бар. Бирок чөнтөк телефонду каттатуу жеке адамдын маалыматтык коопсуздугуна шек жаратарын айткандар да жок эмес.

Укук коргоочу Рита Карасартова IMEI-коддорду каттоо менен адамдын жеке жашоосу, сүйлөшүүсү ачыкка чыгып калышы ыктымал дегенден кооптонбойт. Анткени ал IMEI-кодсуз эле телефону тыңшалганын айтты:

Рита Карасартова.

"Буга чейин эле ар бир телефон номери бир фамилияга катталып, паспорт менен берилсе бардык маселени чечебиз дешкен. Көрсө чечилбептир. Менин жаңы телефонум жоголгондо, IMEI-код менен деле таппай коюшкан. "Коопсуз шаар" деп тендер өткөрүп, дээрлик 140 млн. доллар короттук. Бирок жол кырсыктары азайган жок. Бизди тыңшайт дейин десе, бизди азыр деле тыңшайт. Технологиясы кандай болот билбейм, бирок чет өлкөдөгү тажрыйбаны карасак телефон уурдоо пайдасыз болуп калган. Балким ошол кадам менен бассак ошого жетебиз".

Учурда өлкө аймагында 7 миллиондон ашуун телефон аппараттары колдонулууда. 2014-жылдан тартып Кыргызстанда киргизилген эрежелерге ылайык уюк телефондорго сим-карталарды паспорт менен гана сатып алса болот. Ал токтом боюнча оператор менен сатып алуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Адистер "муну менен коопсуздук жагы оңолуп, кылмыштуулук кыйла азаят" деп түшүндүрүшкөн.