Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Иллюстрация сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 8-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.

Дагы караңыз

Эммануэл Макрон Москвада Владимир Путин менен жолугатКыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги жолугушуу 10-февралда өтөтАлихан Ураимов блогер менен болгон окуяга түшүндүрмө бердиЖапаровдун Кытайга сапарында алты документке кол коюлду