Ноокенде калайман мушташта бир адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокен районунда 5-февралда болгон калайман мушташта жаракат алган 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү кечинде Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургуну учтуу нерсе менен көкүрөккө жеген. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоп, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул кылмышка шек саналып Ноокен районунун 17 жаштагы тургуну кармалып 6-февралда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушул тапта окуя боюнча териштирүү иштери уланууда. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алатCOVID-19: үч адам каза болуп, вирус 83 кишиден аныкталдыТоктогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,8 млрд. метр кубга төмөндөдүБишкектеги эки шайлоо округунда үгүт өнөктүгү башталдыНазарбаевага таандык деген экинчи компания менен келишим токтотулду Пакистанда согушкерлердин чабуулунан үч аскер мерт болду