Сокулукта сабалган наристе боюнча кылмыш иш козголду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулукта сабалып ооруканага түшкөн 1 жаш 8 айлык Егордун абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Наристени уруп-сабоого шектүү катары жергиликтүү тургун камалды. Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февралда эки жашка чыга элек наристе колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалда түшкөн.