Өзүнүн мааракесинин алдында Британ ханышасы Елизавета II Сандрингемдеги Аялдар институтунун мүчөлөрү жана кайрымдуулук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага такка отурганда берилген гүлдесте жана торт тартуу кылынды.
Ханыша өзүнүн кайрылуусунда ханзаада Чарльздын экинчи жубайы - Камилла Паркер-Боулзду ханзаада такка отургандан кийин "ханыша-консорт" деп таанууну суранды.
Елизавета II 95 жашта. Ал Британияны 70 жылдан бери башкарып келе жатат. Анын бийлиги учурунда өлкөдө 14 премьер-министр алмашып, өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти.
Ханыша тууралуу көптөгөн сериалдар жана көркөм тасмалар тартылды.
Елизавета II былтыр "Жылдын карыясы" деп аталган наамды алуудан баш тарткан. Мындай чечимин "Адам өзүн канча жаштамын десе, ошончо жашта болот" деп түшүндүргөн.
Дагы караңыз
Аёосуз сабалган наристе: Зомбулукту ким тыят? Дүйшөмбүнүн чакырыгы, Бишкектин жообу Өзүн президент менен УКМК төрагасынын жакындары катары тааныштыргандар кармалдыАкыйкатчы: Сокулукта сабалган бала мурда да зомбулукка кабылган болушу мүмкүн "Көчүп келгендер көбөйдү": кайрылманга каралашкан Зайнидин “Жарыштан чыгыш үчүн миллион доллар сунуш кылышкан” АКШнын аскердик күчтөрү Польшага бара баштады Коронавирус бир күндө дагы үч кишинин өмүрүн алды