Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Сокулукта сабалган баланын ата-энеси менен жолугуп, кошумча маалыматтарды алды. Бул тууралуу Азарбеков "Азаттыкка" билдирди.
"Баланын кулагынын кемирчеги сынып, 19-январда Сокулукка ооруканага алып келишкен экен. Булар Бишкектеги 3-ооруканага багыттама жазып, жиберишиптир. Бирок ал жакка барган-барбаганы белгисиз. Кулагы эмнеден сынганы аныкталган эмес. Атасы өздөрү колунда иштеген С. А. аттуу адамды айыптоодо, апасы тескерисинче аны актап, күйөөсүнө калтырганын айтып жатат. Бул иште иликтөөнү талап кылган учурлар көп болуп жатат".
Акыйкатчынын аппарат башчысы билдиргендей, сабалган баланын дагы эки бир тууганы бар экени анык болду. Үчөөнүн тең документтери жок болуп чыкты. Укук коргоо институту тиешелүү тараптарга балдарга документ берүү маселесин чечүү боюнча кайрылуу жолдогону жатат.
Азарбековдун айтуусунда, баланын атасы, Өзбекстандын жараны Акыйкатчыга арыз жазып, баласын урган адам мурдатан эле өзүн да сабап жүргөнүн, бир жолу ок атуучу курал менен бутуна атканын билдирген.
Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен да сүйлөшкөн. Ал азыр баланын атасы менен жашабай турганын, жумуш берүүчү С .А. менен жашап жатканын айткан.
Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.
Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.
ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (ZKo)
Дагы караңыз
"Көчүп келгендер көбөйдү": кайрылманга каралашкан Зайнидин “Жарыштан чыгыш үчүн миллион доллар сунуш кылышкан” АКШнын аскердик күчтөрү Польшага бара баштады Коронавирус бир күндө дагы үч кишинин өмүрүн алды “Жарыштан чыгыш үчүн 1 миллион доллар сунуш кылышкан”"Манас Ордо" комплексинин директору болуп Марат Дооронбеков дайындалды “Балдар укугун коргоо лигасы” сабалган баланы Бишкекке которууну талап кылды