“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова Сокулукта сабалган баланын ишин иликтөөнү Башкы прокуратурадан өтүнүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Аталган уюм Акыйкатчы институту менен чогуу иликтөө жүргүзгөн.
“Бала эки жашка да чыга элек экен, 1 жаш сегиз айлык болуп чыкты. Доктурлардын айтуусунда, анын жыныс органы катуу жабыркаган эмес. Биз учурда баланын ата-энесине укуктук жардам берип жатабыз”.
Укук коргоочулар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден баланы Бишкекке которуп, дарылоону талап кылышууда.
3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.
Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.
ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (ZKo)
Дагы караңыз
Орус бийлиги “Свободадан” Навальныйдын иликтөөлөрүн алып салууну талап кылдыКытайда “кезек күткөн” Борбор Азия лидерлериКыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?Кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталатЭрдоганга коронавирустун жаңы штаммы жукканы кабарландыЧүй: балыктардын табышмактуу кырылышыСадыр Жапаров Бээжинде бир катар лидерлерге жолукту