Коронавирустан үч адам көз жумду, 162 жаңы учур катталды

Ыкчам штабдын кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлигинин 5-февралдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2899 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 162 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 199 326 болду.

Бир күндө 385 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 913 адам жатат, дагы 3609 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 190 368 ​кишиге жетти. (BCh)

Дагы караңыз

Сокулукта эки жаштагы баланы сабоого шектүү адам кармалдыПарламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө"Акыркы сабак": балдарды сындырган рэкетчиликЖапаровдун Кытай сапары: темир жолдун башы ачылабы?