Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Сокулук районунда эки жаштагы баланы сабады деп шек саналган жаран бүгүн, 5-февралда кармалганын билдирди.
"Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.
Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.
Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.
ЮНИСЕФтин маалыматы ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (BCh)
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Парламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө"Акыркы сабак": балдарды сындырган рэкетчиликЖапаровдун Кытай сапары: темир жолдун башы ачылабы?