Сүйүндүков: “Шамбаланы” тартыш керек деген жүктөн кутулдум

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ак кеме” повестинин негизинде тартылган “Шамбала” Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын өзүнөн да, “Ак кеме” кинотасмасынан да өзгөчөлөнгөн жаңы кинотасма болду. Мындай пикирин “Шамбала” кинотасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков “Азаттыкка” курган сыябан-маекте билдирди. Режиссердун айтымында, “Шамбала” эл аралык сынактарда 19 сыйлыкка арзыды. Коомчулукка ушул күздө көрсөтүлө баштайт.