Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке Бишкектеги бир мандаттуу №27 Биринчи май (27 талапкер) жана №29 Свердлов округдарынан (25 талапкер) кайра шайлоого жалпысынан 52 талапкерди каттады.
Талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган жана жалпысынан 72 кишиден арыз түшүп, анын 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн.
Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Дагы караңыз
Сот реформасы: Жаңы дайындоо, сынга кабылган чечимдер Министрликтин реформасы: Бейшеналиев менен Жумабековдун тиреши Жогорку соттун төрайымы күтүүсүз кызматтан кеттиЕвропа кыялы: алдамчылык, ара жолдо калган журтташтарKaktus.media жарыялаган кабарды прокуратура териштирет