Эки ай мурун дайындалган Нарын шаарынын мэри кызматтан кетти

Жаныш Курбанов

Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Курбанов өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп эки ай мурун дайындалган. Ал бул кызматка чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков өткөн жылы сентябрь айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал Нарын шаарына мэр болуп 2021-жылы июнь айында шайланган. (МТа)

Дагы караңыз

Нурлан Сулайманов Башкы прокуратурага суракка чакыртылдыКaktus.media сайтындагы кабарга байланыштуу кылмыш иши козголду Согушкерлерге паспорт жасаган онлайн-бизнес