Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Эшимов 26-январда жумушка чыкты. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин 26-январдагы отурумунда Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арызын кайтарып алганы белгилүү болгон. Ал күнү Жогорку Кеңеш Эшимовду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карамак.
Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Кийин Боршайком мүчөлөр партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме саясий уюмдардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин жарыялаган.
Атайын кызмат комментарий бере элек.
Декабрда Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырганы парламентте айтылган. Ошол кездеги спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева комитетке БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкер боюнча сунуш келип түшкөнүн, эки маселе чогуу карала турганын айткан. (МТа)
Дагы караңыз
Тарых музейи ачылгандан бери 22,5 миңдей көрүүчү келди Орусия: кыргызстандык бала багуучу эки жашар кыздын өлүмүнө шек саналып камалды Чек ара чатагы: Бишкек менен Дүйшөмбүнүн тактикасы ЖК комитети Бакирова менен Дүйшеевдин кызматтан кетүү арызын канааттандырды