Дания коронавируска байланышкан чектөөлөрдү толук алды

Даниянын борбору - Копенгаген шаары.

Коронавирус жугузуп алгандардын саны көп болгонуна карабастан, Дания бардык эпидемиологиялык чектөөлөрдү алган Евробиримдиктеги алгачкы мамлекет болуп калды.

1-февралдан баштап даниялыктар беткап кийбей, эч кандай документсиз жүрө алышат. Ошондой эле тамактануучу жайлардын иштөө убактысы чектелбейт.

Түнкү клубдардын баары 1-февралда ачылат. Коомдук иш-чараларда элдин көп топтолушуна уруксат берилет.

Ушул тапта Данияда коронавируска чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 40-50 миңге жетип жатат. Бул 5,8 миллион калктын дээрлик бир пайызын түзөт.

Анын 60% коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алышкан. Эки доза менен 90% эмделген. Бийликтин мындай стратегиясы калктын колдоосуна ээ болду.

Дагы караңыз

Болот Темиров канынан анализ тапшырды Конституциялык палатанын төрагасы кызматтан кетүү үчүн арыз жазды Чек ара чатагы: Бишкек менен Дүйшөмбүнүн тактикасы