Талибдер мурдагы ондогон ооган аткаминерлерин жана аскерлерин жок кылганы БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин баяндамасында белгиленген.
Анда жазылгандай, Ооганстанда талибдер бийликке келип, чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан кийин ондогон аткаминерлер, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана эл аралык контингент менен кызматташкан жарандар өлтүрүлгөн.
Кылмыштардын үчтөн экиси талибдер жана анын тарапташтары тарабынан жасалган.
Документте ошондой эле "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар делген 50 адам сотсуз эле дарга асылганы белгиленген.
БУУнун баяндамасында Ооганстанда бийликке талибдер келгени өлкөдө экономикалык жана гуманитардык кризис курчуп, журналисттерге жана укук коргоочуларга басым күчөгөнү жазылган.
Дагы караңыз
Юстиция министрлиги аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады Канада Украинадагы дипломаттарынын санын кыскартатТүндүк-Түштүк жолунун курулушу: Көк-Арттагы тоннел ачылды