Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1998-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Шектүү түрк жаранын уурдоону уюштургандардын бири экени УКМК тараткан маалыматта айтылат.
"Учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны изделип жатат. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерди уурдоого 1976-жылы туулган түрк тектүү кыргызстандыктын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Атайын кызмат бул иш боюнча мурда кармалган дагы бир адам 2022-жылдын 25-январында үй камагына чыгарылганын кабарлады.
2021-жылдын декабрь айында Түркиянын жаранын уурдап, 3 миллион АКШ доллар талап кылгандар “Манас” аэропортунан кармалган. УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.
Алардын бири Чүй милициясынын "Манас" аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары экени маалымдалган.
Дагы караңыз
Канада Украинадагы дипломаттарынын санын кыскартатТүндүк-Түштүк жолунун курулушу: Көк-Арттагы тоннел ачылды Аба ырайы: Күн ачык болот, айрым жерлерди туман каптайтБилим берүү министрлиги: былтыр 120дай бала сексуалдык ыдык көрдү