Аба ырайы: Күн ачык болот, айрым жерлерди туман каптайт

Иллюстрация сүрөт.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 1-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондорду туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3…8;

Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -5…-10 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 6…8° жылуу болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Түндүк-Түштүк жолунун курулушу: Көк-Арттагы тоннел ачылды Билим берүү министрлиги: былтыр 120дай бала сексуалдык ыдык көрдү Жогорку Кеңештин комитети чек ара маселесин жабык карай баштадыБылтыр 2100дөн ашуун бала мектепке барган эмесЧолпон-Атада саймалуу таштар жайгашкан аймакта курулуш жүрүп жатканы кабарланды