Баткен: чек арадагы мектептерде окуу кайра калыбына келди

Соңку жаңжалдан улам чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык жана Таш-тумшук айылдарында соңку чек ара жаңжалынан улам убактылуу жабылган мктептерде окуу кайра башталганын, бала бакчалардын иши жанданганын билдирди.

"Окуучулардын коопсуздугун балдар менен иштеген инспекторлор көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Аталган аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", деп айтылат маалыматта.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Соңку жаңжалдан улам чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн жана айрым тургундары үйлөрүнө кайра баруудан кооптонуп жатканын билдиришкен.

Дагы караңыз

“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”Акталган жана соттолгон саясатчылар"Кыргыз журналистикасы тизгинделбейт" Бишкек темир жол курулушун Бээжин менен талкуулайт