Коронавирустан төрт адам каза болду, 276 кишиден аныкталды

Коронавирусту аныктаган тест алуу учуру.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 30-январдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда вирустан бир суткада төрт киши каза болду.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун расмий эсеби 2876 адамга жетти. Оору жаңы аныкталгандардын саны 276 кишини түздү.

Учурда 6 716 киши коронавирус менен ооруп жатат. Алардын 5 242си үйүндө дарыланса, 1 474ү ооруканада. 95 адам өтө оор абалда реанимация бөлүмдөрүндө. 681 кишинин абалы оор деп бааланган.

Бейтаптардын он биринин гана абалы туруктуу. (BCh)

Дагы караңыз

Чек арага жакын айылдардын тургундары үйлөрүнө баруудан кооптонуп жатканын билдириштиИлим дүйнөсү: Робот өз алдынча операция жасадыКыргызстанда жеке маалыматты уурдаган сайттарКыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенден кийин ачылары айтылды