Көчө-Бою менен Дахмада атышуу токтогону, “Головной” менен Төрт-Көчөдө ок атылып жатканы кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасы.

28-январдын саат 02:00үнө карата кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою жана Дахма жерлеринде атышуу токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Головной” жана Төрт-Көчө деген жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан.

“Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашкан. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабастан тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат” деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

Тажик тарап Кыргызстанды айыптап, атышууда бир жараны курман болгонун айтууда. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 17 тажикстандык жарадар болуп ооруканага түшкөнүн жазды.

Кыргыз тараптан жети адам жараат алып, ооруканага түштү. (RK)