УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдиргендей, 2022-жылдын 27-январында саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон.
Ок атышпоо маалында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаевдин Тажикстандын Согд облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.
"Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантты.
2022-жылдын 28-январы, саат 00:20га карата, Көчө-Бою жана Дахма аймактарында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин куралдуу жаңжалда Кыргызстандын төрт аскер жарадар болгонун кабарлады.
“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чорку жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.
Куралдуу кагылышуу үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатышат. (BCh)
Дагы караңыз
Чек ара кызматы каршы тарап заставалар менен электр өткөргүчтөрдү аткылап жатканын билдирди Баткенде милиция, оорукана күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттүЧек ара кызматы Тажикстан ок атууну токтотпой, аскердик техника жана күчтөрдү тартып жатканын билдирди ӨКМ жаңжал чыккан жерден элди чыгарууга техника жөнөтүлгөнүн билдирди