“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди. Анын айтымында, Обиджон ошол маалда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн жанында жүргөн.
27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.
Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды.
Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат.
Дагы караңыз
ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырдыЧек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара башчылары сүйлөшкөнүн, атышуу уланып жатканын кабарлады "Озоди": тажикстандыктар жолду кыргыз тарап тороп салганын айтышуудаЭнергетика министрлиги чек арадагы бир катар айылдарда жарык өчкөнүн билдирди