Чек ара кызматы Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө атышууда каршы тарап миномет, гранатомёт колдонгонун билдирди

Төрт-Көчө аймагында тартылган сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-январь, саат 20.30да кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал салыштырмалуу чыңалып турганын маалымдады.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолун Тажикстандын жарандары жаап салып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тараптан Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстанды көздөй ок атылган. Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө эки өлкөнүн чек арачылары атышып, "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Мындан башка расмий маалымат бериле элек.