Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды ишке ашырчу орган аныкталбагандыгын, Маданият министрлигинин техникалык базасы, адистери жетишпей турганын билдирди.
“Бул иштерди жүргүзүү үчүн адистердин жана эксперттердин ичинен кошумча штаттык бирдиктер, тиешелүү каржылоо, анын ичинде зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу талап кылынат. Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгында тогуз адис иштейт. Мындан тышкары, бул башкармалыкта маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө жана ага талдоо жүргүзүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар жана адистер жок”.
Чыңгыз Эсенгулов буга байланыштуу коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Санарип министрлигине караштуу Байланыш жаатын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын базасында маалыматтык мейкиндикке байкоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүн түзүү натыйжалуу болорун белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы күндөрү интернеттеги жалган маалыматтан мамлекеттик кызматкерлерди коргоо зарылдыгын өкмөттөн талап кылышкан.
“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга президент 2021-жылдын 23-августунда кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна алынган. (BCh)
Дагы караңыз
УКМК журналист менен төкмө акын тууралуу видеолорго тиешеси жоктугун билдирди Батыш дипломаттары талибдерге олуттуу талап койгону айтылдыУкук коргоочулар Ооганстанда ЛГБТ жамааты коркунучта экенин жарыялаштыБорбор Азиядагы электрдин өчүшүнүн кесепети