Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспортоого убактылуу тыюу салынды

Иллюстрация.

Министрлер кабинети дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу, алты айга тыюу салды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде кабыл алынды. Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы керек.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тиешелүү комитетине кабарлоо милдети жүктөлдү.

Экспортко тыюу салуу жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары-дармек ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Дарыканалардын саны 3200дөн көп. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарында кар жаашы мүмкүн "Камбар-Ата 1" ГЭСинин инфратүзүмүн жакшыртуу быйыл жазда башталатДепутат чек арадагы айылдардын тизмеси боюнча нааразылык бар экенин айтты Оппозиционердин иниси Олег Навальныйга издөө жарыяландыПрезидент Жапаров “Индия - Борбор Азия” саммитине катышат