Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарында кар жаашы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 27-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу районунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -9…-14 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн-4…-6, күндүз 6…8 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин инфратүзүмүн жакшыртуу быйыл жазда башталатДепутат чек арадагы айылдардын тизмеси боюнча нааразылык бар экенин айтты Оппозиционердин иниси Олег Навальныйга издөө жарыяландыПрезидент Жапаров “Индия - Борбор Азия” саммитине катышат