АКШ Европаны газ менен камсыздайт деп Катарга үмүт артууда

Жаратылыш газы жүктөлгөн кеме Катардын портунда.

АКШ президенти Жо Байден Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Танини кабыл алат. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки лидерлер Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук, Ооганстандагы гуманитардык кырдаалдан тышкары энергия ресурстары менен глобалдык алкакта камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратпоо маселесин талкуулайт деп билдирди.

Жолугушуу Вашинтон жана өнөктөштөрү Орусия Украинага басып кирсе, Москва Европага берген газдын көлөмүн азайтат деп камтама болгон учурга туш келди. Европа Биримдигин 40 пайыз жаратылыш газы менен камсыздаган Орусия муну азыркы кырдаалда өнөктөштөр арасында ырксыздыкты пайда кылуу үчүн курал катары колдонушу мүмкүн деген кооптонуу акыркы маалда көп айтылып келүүдө.

АКШ Катар суюлтулган жаратылыш газдын эң ири өндүрүүчүсү катары Европага жардам бере алат деп үмүттөнөт.

Кризис курчуп кете турган болсо, Европа көгүлтүр газды Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана АКШдан ала алат.

Дагы караңыз

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин инфратүзүмүн жакшыртуу быйыл жазда башталатДепутат чек арадагы айылдардын тизмеси боюнча нааразылык бар экенин айтты Оппозиционердин иниси Олег Навальныйга издөө жарыяландыБишкекте эки кичи автобус кагышып, 18 киши жабыркады