Шаршембиде Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы экология министринин орун басары Ахметжан Примкулов жана "Оператор РОП" компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы Медет Кумаргалиев кармалганын бышыктады. Алар коррупцияга шектелүүдө. Маалыматтарга караганда, аткаминер жана компания жетекчиси өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенгенде кармалган.
Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия менен байланышы бар экен и айтылып жүргөн компания 2015-жылы түптөлгөн. "Оператор РОП" эски машинелердин тетиктерин, таштандыларын чогултуп иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм алып турчу.
Ушул эле күнү казак парламентинин депутаттары беш жылдын ичинде компания кантип дээрлик 692 миллион теңге (1,58 миллиард доллар) киреше тапканын иликтөөнү талап кылышты.
11-январда президент Касым-Жомарт Токаев компаниянын ишин токтотуп, таштындыларды кайра иштетүүнү тескөө мамлекеттик уюмга берилген.
Башкалаанын полициясы "Оператор РОП" ишканасынын аткаруучу директору Руслан Шамшиевдин өлүмүн тергөөгө киришкенин маалымдады. Жергиликтүү медиа анын сөөгү алдыңкы күнү кеңсесинде табылганын, ал өз жанын кыйган деген божомол бар экенин жазышкан.
Дагы караңыз
Президент Жапаров “Индия - Борбор Азия” саммитине катышатДепутат чек арадагы айылдардын тизмеси боюнча нааразылык бар экенин айтты Бишкекте эки кичи автобус кагышып, 18 киши жабыркадыБекмурзаев электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учураганын билдирдиКыргызстандын жарандарына Түркияга ID-карта менен кирүүгө уруксат берүү сунушталды