Бекмурзаев электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учураганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады. Бирок бул ички керектөөгө таасирин тийгизбегенин, кооптонууга негиз жок экенин энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Министр борбор азиялык энергетикалык шакекчеде авария болгондон кийин борбор калаада жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураганын, учурда жылуулук 60 градуска жеткенин кошумчалады.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчкөн. Бишкектеги Жылуулук электр борборунун да иши үзгүлтүккө учурап, таза суу чыкпай калган. Түштөн кийин бул абал акырындап жөнгө салынып, кечке жуук баш калаада жарык, суу жана жылуулук бериле баштады.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев борбор азиялык энергетикалык шакекчеде болгон аварияны мамлекеттер аралык комиссия иликтей турганын, мындан ары ушундай кырсыктарды болтурбоо аракеттери көрүлөрүн билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы жарык бериле элек айрым райондордо энергетиктер иштеп жатканын кабарлады.

Кыргызстан "Токтогул" суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам жаралган оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жаткан. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Мадумаров адам укуктары маселесин талкуулоону сунуштадыПарламентте социалдык медиадагы фейк аккаунттарды табуу демилгеси көтөрүлдү "Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу иштери жүргөнИИМ: Интернетке тараган видеолор боюнча иликтөө жүрөтДепутат Шакиев: Болот Темировдун коопсуздугун мамлекет камсыздашы керек