Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Айгүл Айдаровага мандат берди. Ал өткөн жумада диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келди.
БШК 20-январдагы отурумунда УКМК менен Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган.
Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан тарта айыл өкмөттөрүнөн тарта бардык макамдагы мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору текшериле баштады. (BCh)
Дагы караңыз
Сузактык жеке ишкер чакан ГЭС куруудаБекмурзаев: Электр жарыгын берүү 60% калыбына келди Бишкек шаарында суу бериле баштадыБекмурзаев энергосистемада мындай окуя биринчи жолу болгонун билдирди