Улуттук энергохолдинг: Электр энергиясын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт

Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесиндеги авариядан улам токтоп калган Кыргызстандын энергосистемасын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.

Маалыматка караганда, Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандагы энерго компаниялар Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесин пайдаланбай, электр кубатын берүүнү баскыч-баскычы менен калыбына келтирүүнү баштады.

Бүгүн, 25-январда Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 12лер чамасында Кыргызстандын аймагында жарык өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык борбор азиялык шакекчедеги авариядан улам өчкөнүн билдирди.

“Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз”, - деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы өчкөнүн жазышууда.

Казакстан менен Өзбекстандын ЖМКлары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура Бажы кызматы мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин билдирдиАвариядан улам Кыргызстан боюнча электр энергиясы өчтүКадыров коркуткан чечен соту Орусиядан чыгып кетти