"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты

Иллюстрациялык сүрөт.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Талайбек Бектеновдун ордуна Эркин Тавашаров дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Талайбек Бектенов 2021-жылдын февраль айынан бери мекемени жетектеп келген.

Эркин Тавашаров Жалал-Абад мамлекеттик университетин, Чехиядагы Брно жана Малайзиядагы техникалык жогорку окуу жайларды бүтүргөн.

Ал эмгек жолун 1999-жылы "Токтогул" гидроэлектр станциясынан баштаган. Мурда Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык, тоо-кен жана өндүрүш көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеп турган.

"Электр станциялары" ачык акционердик коому Кыргызстандагы электр энергиясынын 98% өндүрөт. (BCh)

Дагы караңыз

Байден Европанын лидерлери менен украин чегиндеги кырдаалды талкуулайтНАТО Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерин жөнөтүүдөБишкекте былтыр 745 балага социалдык жардам көрсөтүлдүАКШ дипломаттарын Киевден чыгарууда