Марипов менен Кадыркулов элчилик кызматка сунушталып жатат

Идрис Кадыркулов жана Улукбек Марипов. Коллаж.

Мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлиги Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Украинадагы элчи кызматына сунушталып жатат. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети алардын талапкерлиги бүгүн, 24-январда карала турганын билдирди.

Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын Жусупбек Шарипов аркалап жатат. Ал элчи болуп 2017-жылы дайындалган. Ал эми Сауд Арабиядагы элчи Абдилатиф Жумабаев 2019-жылдан бери иштейт. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров аралыктан иштөөгө өттүАкын Болот Назаровду колдоп чыккан активисттерди милиция кармап, таңга маал коё бердиCOVID-19: бир күндө дагы эки бейтап каза болду"Талибандын" делегациясы менен ооган жарандык коомунун өкүлдөрү Ослодо сүйлөшүү баштады